Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран колго түштү

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран колго түштү

Бишкектин Октябрь РИИБнин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 22-мартында арыз ээси Д.Э. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен үстүбүздөгү жылдын февраль айында кайрылган. Ал борбор калаанын 8-кичи районунда жүргөндө алдамчылык жол менен анын ишенимине кирип, ижарага берүү шылтоосу менен «Sony-PlayStation» оюн жабдууларын алган. Анын жалпы баасы 100 миң сом, андан кийин үчүнчү жактарга сатып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Х.Н.нын өздүгү такталып, кармалып, бир айга камакка алынган.

Мындан тышкары, анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>