Бишкекте айдоочу унаасында уктап жатканда 47 миң сому уурдалган

Бишкекте айдоочу унаасында уктап жатканда 47 миң сому уурдалган

Бишкекте айдоочу унаасында уктап жатканда, 47 миң сом салынган барсеткасы уурдалган. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар тургуну Манас проспектисиндеги үйдүн жанында унаасын токтотуп, айнегин ачып, уктап калган. Ойгонгондо 47 миң сом акчасы, унаанын ачкычы жана документтер салынган барсеткасын таппай калган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция шектүү башка да ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар болушу мүмкүн деп эсептегендиктен, жабыркагандар болсо 0 (702) 00-33-30 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>