Кыргызстандын мамлекеттик карызы канча экени айтылды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы канча экени айтылды

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички+тышкы карызы) канча миллиард долларды түзө турганын билдирди.

Анын айтымында, 31-июлга карата мамлекеттик карыз 5 млрд 797 млн доллар болуп, ИДПга карата 54%ды түзгөн. Анын ичинен ички карыз 1 млрд 270 млн долларга жеткен.

«2023-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 48 млрд 625 млн сом, анын ичинен ички карызга 14 млрд 409,8 млн сом каралган. Азыр биздин саясат сырткы карызды керектүү, экономиканы өнүктүрө турган тармактарга гана алууга багытталууда. Калганын ички карыздан алууга аракет кылып жатабыз», — деди министрдин орун басары.

Депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып, каржы министринин орун басары ал ички карыз дагы өсө тургандыгын ырастады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>