Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Бишкекте тургун чоочун унааны күрөөгө коюп, сатып жиберген
25.09.2023 | 18:04
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 22-сентябрда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 7-сентябрда Ч. аттуу чала тааныш адам 32 миң долларлык BMW 520d унаасын сатууга жардам берем деп алган. Андан кийин унааны шаардагы күрөөкана 12 миң долларга күрөөгө коюп, аны менен бирге бир кишилерге 25 миң долларга сатып жиберген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы Ч.Э. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кеызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз