Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү — сүрөт

Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү — сүрөт

Бишкектеги Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын Гүл жана жасалга өсүмдүктөр лабораториясында Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу аталган Ботаникалык бакчадан билдиришти.

Айгүл гүлү Кыргызстанда Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Апрелдин ортолорунда Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага созулат.

Айгүл жоголуп бара жаткан гүлдөрдүн катарында болгондуктан, ал Кызыл китепке киргизилген. Ал илимде «Эдуард чаар гүлү» деп аталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>