Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Тогузунчу шектүү кармалды

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Тогузунчу шектүү кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу издөөгө алынган тогузунчу шектүү кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү делип 35 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалды.

«Бул шектүү тергөө кызматынын маалыматына караганда, катталган кылмыш боюнча негизги фигуранттардын бири. Учурда бул факты боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти милициядан.

 

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Ош шаардык ооруканасынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, арматура менен сабалган жаран 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган. Ооруканадан чыккандан кийин ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Бул иш боюнча шектүү катары издөөгө алынгандардын арасында Актилек Абдивали уулу да болгон. Ал милицияга өз ыктыяры менен келип, көрсөтмө берип, окуя болгон учурда башка жакта болгонун билдирген. Ал тилкат менен кое берилип, камакка алынган эмес. Ошол эле учурда милиция анын көрсөтмөсү текшерилерин билдиришкен.

Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган.

Ошто арматура менен сабалган жарандын машыгып жаткан видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>