Бишкекте активдүү узак жашоо саясаты талкууланды

Бишкекте активдүү узак жашоо саясаты талкууланды

Бүгүн, 25-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева «Азыркы Кыргызстандагы улгайган адамдардын ролуна көз караштардын трансформациясы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстандын социалдык чөйрөсүндө кадрларды даярдоо процессинде дүйнө таанымды жана карылыкка карата оң мамилени, активдүү жана сергек карылык маданиятын калыптандырууда заманбап илимдин ролун күчөтүү болуп саналат.

Конференцияга Эмгек, саламаттык сактоо, билим берүү жана илим министрликтеринин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомчулуктун, социалдык мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер (Россия, Армения, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай), академиялык коомчулук жана студенттер катышты.

«Конференциянын жүрүшүндө улгайган адамдарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, анын ичинде Кыргызстанда 2019-2025-жылдарга карата улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш — чаралар планын ишке ашыруу талкууланды. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда Гериатрия жана геронтологияны өнүктүрүү, ошондой эле медициналык-социалдык иштердин адистерин даярдоо боюнча билим берүү программаларына инновациялык ыкмаларды киргизүү каралды», — деди Жаңыл Алыбаева.

ДМЧА жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумованын айтымында, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын маанилүү багыты, улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында бакубаттуулукту камсыз кылуу болуп саналат.

«Министрлер кабинети тарабынан социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү жолу менен улгайган жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Профилактикага жана ден соолукту чыңдоого, ден соолукту коргоо системасын өркүндөтүү жана активдүү узак жашоону илгерилетүү аркылуу улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көңүл бурулууда», — деп маалымдады ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>