Бишкекте акын Зайырбек Ажыматов эскерилди

Бишкекте акын Зайырбек Ажыматов эскерилди

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду эскерүүгө арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Алсак, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн ыр кечени төрага Нурланбек Шакиев демилгелеп, керектүү каражатты резервдик фондунан бөлүп берген. Иш-чарада акындын сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылып, ырлары көркөм окулду.

Андан соң төрага Н.Шакиев сөз сүйлөп, акындын өмүр жолуна токтолду.

«Зайырбек Ажыматов Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов өңдүү залкарлардын жолун улаган улуу акын. Балким тирүүсүндө баалабадык, татыктуу сый көрсөтө албадык. Бирок ал өзүнө чыгармачылыктын бийик мунарасын куруп кетти. Андыктан көзү өтсө да  ыр сүйгөн кыргыз элинин эсинде түбөлүккө жашай берет», — деди.

Ошондой эле Зайырбек Ажыматовдун көзү тирүүсүндө «Нөлү көп жылдар» аталышындагы эмгегине демөөрчү таап, чыгарууга көмөктөшкөнүн айткан Нурланбек Шакиев: «Ал чыгармачылык менен гана алектенип, башка дүйнөгө жутунбаган, сезимтал акын эле», — деп эскерди.

Муну менен катар «Зайырбектей акындарыбызды даңазалоо менен руханий көрөңгөбүздү байытып, маданиятыбызды өнүктүрө алабыз. Андыктан мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп, таланттарыбызды эскерип турушубуз керек» — деп кошумчалады.

Ыр кеченин соңунда жаңы эле негизделген Зайырбек Ажыматов атындагы фонд тарабынан жаш акындар Айзат Кудайберди кызына, Улукбек Омокеевге жана журналист Нурболот Азаматка «Зайырбек Ажыматов» атындагы адабий сыйлыктар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, «Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактарынын автору Зайырбек Ажыматов  2020-жылы 44 жашында дүйнө салган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>