Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкектик таэквондочулар эл аралык чемпионаттан байгелүү кайтышты
01.11.2023 | 22:29
Бишкек шаарынын таэквондочулары Өзбекстанда өткөн эл аралык чемпионатта медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары таэквондо WT боюнча «Namangan Open 2023» эл аралык чемпионатына катышышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
Азиз Бактыгулов – 2-орун
Раиль Кутанов – 3-орун
Хафиза Садырова – 3-орун
Касиет Рысбекова – 3-орун
Белгилей кетсек, турнир 24-28-октябрь күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн. Ага Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түштүк Кореядан 2 миңдей спортчу катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт