Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Милициянын кайрылуусу

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Милициянын кайрылуусу

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр 20-сентябрда милицияга А.Ы. аттуу жаран кайрылып, 31-августта Т. Үмөталиев көчөсүндөгү имараттардын биринде Д.К. аттуу аял ишеничине кирип, акчасын көбөйтүп берем деп 4,5 миң доллар алып, жашырынып кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы Д.К. аттуу аял киши кармалган. Ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Маалым болгондой, учурда анын ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бар экендиги аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (703) 444 001,0 (505) 014 015, 0 (702) 505 089,0 (779) 882 311,0 (995) 559 337 же 102 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>