Көк бөрү: Депутат облустук командаларды жоюуну сунуштады

Көк бөрү: Депутат облустук командаларды жоюуну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов көк бөрү оюнуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Ал өзүнүн сунушун «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, Маданият министрлигине, «Көк бөрү» Эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге жана «Көк бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиевге кайрылды.

Анын айтымында, Оштогу көк бөрү оюнунан кийин болгон тополоң көк бөрүгө заман талабына ылайык жаңы жүз берүү керектигин көрсөттү.

«31-август — Эгемендүүлүк күнү Ош облусунун Төлөйкөн ат майданында болгон көк бөрүдө уюштуруучулардын калпыстыгынан аймактар аралык жик кетип калуу коркунучу туулуп, жалпы жарандарыбызды чочулоого салды. Биз бул фактыдан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Менин жеке сунушум: мындан ары облустук командаларды түп-тамырынан жоюп (аталыштарын сактап калууну өз эрктерине коюу менен), клубдук командаларды түзүү мезгил талабы.

Республикалык маанидеги көк бөрү оюунуна жалаң гана клубдук командалар катышып, команданын мүчөлөрү ар бир региондон, тактап айтканда ар бир облустан бирден оюунчу катышуусу керек. Биз командалардын ар бир мүчөсүн региондордон тандап алып, аларды оюнга аралаштырмайынча мындай бөлүнүү коркунучу мындан ары көбөйө берет. Ал эми колдоочулар, күйөрмандар аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп, жалпы күйөрмандар аралашып, чыр-чатак чыгуусун алдын алат. Ар бир облустан улакчыларды курамына албаган командаларды оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>