Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинага чакырылды

Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинага чакырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын, Эл аралык Астана форумунун алкагында Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар жөнүндө баарлашты.

Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүн болоруна ишенимин билдиришти.

Эки өлкөдө тең саясий байланыштарды, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн жетиштүү потенциал бар экени белгиленди.

Эки лидер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөлөрүнө сапар менен барууга чакырышты.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>