Чүйдө аскердик тик учак кулап, бир адам каза болгону кабарланууда (фото)

Чүйдө аскердик тик учак кулап, бир адам каза болгону кабарланууда (фото)

Чүйдөгү «Фрунзе-1» авиабазасында Ми-8 тик учагы кырсыктады. Бул тууралуу «Кыргызаэронавигация» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, тик учак саат 10:55те кулаган.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аба коргонуу күчтөрүнүн тик учагы окуу-машыгуу өткөрүп жатканда, аргасыз конууга мажбур болуп, тик учак жерге катуу түшкөн. Кырсыктан жабыркагандар бар. Бирок министрлик жабыркагандардын арасында каза болгондор бар же жоктугу, канча адам жабыркаганы тууралуу маалымат берген жок.

Кулаган тик учактын сүрөтү «Акипресс» сайтынан алынды

Учурда министрликтин жана аба коргонуу күчтөрүнүн кызмат адамдары окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Учур кырсык болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө кеткен.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 8 киши жабыркаган. Каза болгон адам башкы учкуч болгону айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>