Төрт шаарга 10 млн евро насыя алынат. Таза сууга акы 80 пайызга кымбаттайт

Төрт шаарга 10 млн евро насыя алынат. Таза сууга акы 80 пайызга кымбаттайт

Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын суу тутумдарын оңдоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 18 миллион евро өлчөмүндө акча алынат. Бул боюнча долбоорду бүгүн парламент үчүнчү окууда кабыл алды.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, жалпы сумманынын 10 миллиону — насыя, 8 миллиону – грант, кайтаруу мөөнөтү  — 15 жыл. Насыяны төрт шаардын мэриясы өз эсебинен төлөшөт.

Депутат Гуля Кожокулова насыянын 2 миллион 600 миң евросун долбоордун алкагында кеңешчилерге коротулуп жатканын белгиледи.

“Ал кандай кеңешчилер? Эмне иш аткарат? Менин бул суроолорум жоопсуз калып жатат.  Андан сырткары долбоорду ишке ашырууда сууга акы 80 пайызга көбөйтүлөт. Эмнеге муну ачык айтпайсыңар. Эл билиш керек”, — деди эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>