Бишкекте автобуста жаш кызга ыдык көрсөткөн киши кармалды

13.05.2026 | 16:09

Бишкекте коомдук транспортто жаш кызга карата ыпылас аракеттерди жасаган деп шектелип 69 жаштагы улгайган киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-майда соцтармактарда автобуста эркек киши жаш кызга сөйкөнүп, адепсиз аракеттерди жасап жатканы тартылган видео жарыяланган. Бул факт боюнча текшерүү башталып, натыйжада 1957-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран аныкталган.

Ага карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси менен протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, кармалган жаран Республикалык психиатрия жана наркология борборуна жаткырылган.

Эске салсак, буга чейин Ички иштер министрлиги Кыргызстанда сексуалдык ыдык көрсөткөн адамга айып пул салуу же камакка алуу жазасы киргизүүнү сунуштаган. Мыйзам долбоордо Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине «Ыдык» беренесин киргизүү каралган.

Scroll to Top