Бишкекте автобустар накталай акча алууну токтотту. Мэрия жол кирени төлөө жолдорун түшүндүрдү

Бүгүн, 1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспорттор жол кирени накталай акча менен алышпайт. Борбор калаанын мэриясы жол кирени кандай жолдор менен төлөөгө болорун түшүндүрдү.
Мекеменин маалыматында, жүргүнчүлөр үчүн төмөнкүдөй электрондук төлөм ыкмалары жеткиликтүү:
- «Тулпар» транспорттук картасы;
- Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары;
- QR-коддор;
- Башка электрондук төлөм кызматтары.
«Тулпар» картасы жоктор үчүн Pay24 терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Төлөмдү ишке ашыруу үчүн билеттеги QR-кодду транспорттогу валидаторго тийгизүү зарыл.
Мындан тышкары, «Тулпар» картасын колдонгон жүргүнчүлөр үчүн жеңилдик каралган: биринчи төлөм жасалган учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык транспортко төрт жолуга чейин бекер кайра отурууга болот.
Мэрия бул чара заманбап төлөм системасын ишке киргизүү жана транспорттук тейлөөнү жакшыртуу максатында кабыл алынганын белгиледи.