Бишкекте өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, алдамчылык кылган шектүү кармалды

Бишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык кылууга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, өзүн Патрулдук милициянын кызматкеримин деп тааныштырган адам 60 миң сомун алып, автоунааны айып короодон чыгарууга укук берүүчү жасалма документ бергенин билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда кармалган жарандын мурда соттолгону аныкталган. Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда Патрулдук милициянын атынан жасалмаланган маалымкаттардын бланктары табылып алынган.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.