Бишкекте автосалондон унаа уурдаган жаран колго түштү

Бишкекте автосалондон унаа уурдаган жаран колго түштү

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 27-январында борбор калаанын тургуну М.А. 16-январга караган түнү саат 00:00 чамасында Кочкор көчөсүндөгү автосалондун ичине белгисиз адам киргенин, ал салондогу «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унааны айдап, из жашырып кеткенин айтып, ага чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул фактыны Ленин райондук милициясы каттап, «автотранспорт каражатын уурдоо» боюнча кылмыш иши козгогон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү Н.Ж. кармалган. Ленин райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаа Ленин районунун аймагынан табылып, арыз ээсине кайтарылып берилген.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>