Кыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдө
Бишкек: 1-класстын окуучулары бир жума каникулга тарашат
07.02.2022 | 18:49
Бишкек шаарында 1-класстын окуучуларын 1 жумага каникулга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуучулардын каникулу 14-февралдан баштап, 19-февралган чейин созулат. Борбор калаадагы 1-класстын окуучуларын жыл сайын бир жумага кошумча каникулга чыгышат.
Белгилей кетсек, 1-класстын окуучуларына 3-чейректе бир жумалык кошумча эс алуу салттуу түрдө берилет. Адатта, алардын мөөнөтү жергиликтүү билим берүү органдары тарабынан белгиленет.
Ал эми жазгы каникул – 10 күн. 21-марттан 30-мартка чейин уланат. Сабактар 31-март күнү башталат.