Бишкекте аял кишини карактап кеткен 4 шектүү кармалды

Бишкекте аял кишини карактап кеткен 4 шектүү кармалды

Бишкекте шаар тургунун карактап кеткен 4 шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-августта милицияга шаар тургуну (аял киши) кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 09:00до Балтагулов көчөсүндө белгисиз адамдар учтуу зат менен коркутуп, 50 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 29, 28 жана 25 жаштагы Б.Б., М.Д., Б.Н. жана Н.Б. аттуу жарандарды кармаган. Алар райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(707) 666 392, 0(508) 111 112 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>