УКМК дагы бир мектеп директорун колго түшүрдү

УКМК дагы бир мектеп директорун колго түшүрдү

Бишкекте балдарды мектепке кабыл алууда ата-энелерден акча алган дагы бир мектеп директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттин быйыл 26-майда кол койгон жарлыгына ылайык, мамлекеттик мектептерде ата-энелерден кандай түрдө болбосун акча чогултууга тыюу салынган. Бирок ага карабай шаардагы мектептердин биринин директору (Т.Ч.Д.) окуучуларды мектепке кабыл алууда жана которууда акча алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурган.

УКМКдан белгилешкендей, мектептин администрациясы өзүнүн иш-аракетин мыйзамдуу көрсөтүү максатынды ата-энелерди ыктыярдуу-мажбурлоо түрдө демөөрчүлүк кылдырган. Каражат акча топтоо үчүн түзүлгөн коомдук бирикменин эсебине которулган. Ата-энелер ал эсепке 30 миңден 100 миң сомго чейин акча төгүшкөн.

Аталган мектеп директору (Т.Ч.Д.) 30-августта дагы бир ата-эне коомдук бирикменин эсебине 40 миң сом акчаны төккөнү тууралуу документти берип жатканда кармалган.

Ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учуда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схема уюштурган деп шаардагы мектептердин биринин директорун кармаган.

УКМК: Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>