Төрөттөн көз жумган келин. Жайыл аймактык ооруканасынын директору иштен бошотулду

Төрөттөн көз жумган келин. Жайыл аймактык ооруканасынын директору иштен бошотулду

Төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу Жайыл аймактык ооруканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле ал эми аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Чүйдө тогузунчу баласын төрөгөн аял көз жумду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>