Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында «Тамеки тартуу» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Биринчи күнү акимиаттын, райондук ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, №12 МАБнын кызматкерлеринен турган комиссия 10 мекемеге барды.
Жыйынтыгында мыйзам бузуулар «Бар12», «Мюнхен паб», «Авеню» кофеканасы, «Чердак» кафесине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 84-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, 13 000 сомдон 52 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Эртеси күнү 7 мекеме текшерилип, 39 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул салынды, «Urban» кафеси, «Империя Пиццы», «Season terace» ресто-барына 3 протокол түзүлдү.
Кылмыш-жаза кодексинин 83-84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет, башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып пул салынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз