Ленин райондук күзөт бөлүмү мыкты деп табылды

Ленин райондук күзөт бөлүмү мыкты деп табылды

Бишкекте Ленин райондук күзөт бөлүмүндө ИИМдин Күзөт кызматынын 58 жылдыгына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мааракеге карата Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ардактуу эс алууда жүрсө да, салымын кошуп келген кызматкерлерге медаль, ардак грамоталар, кол сааттар тапшырылган.

Күзөт кызматынын Бишкектеги Ленин райондук бөлүмү башка бөлүмдөр арасында жарандардын мүлкүн, ишканаларды жана батирлерди кайтарууда мыкты иш алып баргандыгы үчүн 1-орунга татыган.

«Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаровдун катышуусунда өздүк курамды, ардагерлерди медаль, ардак грамота жана мыкты белектер менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>