Бишкекте Беларусиянын маданият күндөрү өттү — сүрөт

Бишкекте Беларусиянын маданият күндөрү өттү — сүрөт

Бишкек шаарында 14-июнда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн концерттик программасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Иш-чарага министр Алтынбек Максутов, Беларусиянын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана коомчулук катышты.

Алтынбек Максутов салтанаттуу кечени ачып жатып, бардык убакта маданият жана искусство коомдун руханий негизи экенин, ал ар дайым элдерди жакындатып, адамзаттын руханий баалуулуктарынын булагы болуп келгенин белгилеп, «Биз Беларусь Республикасы менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалайбыз. Биздин маданий байланыштарыбыз терең тарыхый тамырларга, жалпы баалуулуктарга ээ экендиги шексиз жана келечекте биздин маданий кызматташуубуз кеңейип, элдердин достугунун чыңдалышына жана гүлдөп-өнүгүшүнө гана өбөлгө түзөөрүнө ишенем», — деди.

Ал эми Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач алгачкы жолу Кыргызстанда өтүп жаткан маданият күндөрү көптөн күткөн маданий майрам экенин айтып, беларусь эли мыкты маданий программа алып келгенин кошумчалады.

Ошондой эле ал, өз сөзүндө мындай чыгармачылык сапарлар аркылуу эки элдин ынтымагы бекемделерин белгилеп, Кыргызстан элинин меймандостугу жана чыгармачылыкка болгон мамилеси жогору экенин баса белгилеп, маданият күндөрүн жогорку денгээлде өткөрүүгө көмөктөшкөн Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирди.

Расмий бөлүктөн соң, Беларусь өлкөсүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Атайын даярдалган концерттик программадагы беларус элинин мыкты ыр-бийлери көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>