Бишкекте бильярд клубунан акча уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте бильярд клубунан акча уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте бильярд клубунан акча жана товарларды уурдоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-ноябрда Свердлов райондук милициясына Ч.Р. аттуу жаран кайрылып, 2-ноябрда болжол менен саат 07:00до белгисиз адамдар Чүй проспектисиндеги бильярд клубунун эшигинин кулпусун бузуп кирип, 120 миң сом акча жана 60 мин сомдук товарды уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт райондук милицияда каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 34 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Азыркы тапта шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же маалыматы бар жарандарды 0701 999 914, 0709 600 605, 0990 055 077, 0550 900 954, 0312 432 815 же 102 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>