Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Кыргыз мигранттарынын менингит менен ооруганы тастыкталган жок
01.12.2022 | 16:20
Россиянын Москва облусундагы OZON компаниясынын кампасында иштеген кыргыз жарандарынын менингит менен ооруганы тастыкталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
“Роспотребнадзор жана Москва облусунун медицина мекемелеринин акыркы маалыматыына ылайык, ооруп калган 8 кыргыз жаранынын анализдеринин жыйынтыгы боюнча, менингитке болгон шектенүүлөр ырасталган жок. Бейтаптардан КРВИнин белгилери аныкталган”, – деп билдирди элчилик.
Эскерте кетсек, буга чейин менингит жуктурган деген шек менен Кыргызстандын 3 жараны Истра облустук клиникалык ооруканасына жана 5 жаран Красногорск №1 шаардык ооруканасына жаткырылганы кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом