«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды
14.12.2021 | 10:36
Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылганын вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.
Анын айтымында, билим берүү мекемесинде бир инкубациялык мезгилде эки учур аныкталган.
«Алгоритмге ылайык, бир мезгилде эки учур катталса, анда карантинге жабылат. Аталган мектепте мугалим менен бир окуучу ооруп жатат, ошол себептен биз мектепти карантинге жабууга туура келди», – деди ал.
Виктория Мозгачева борбор калаанын мектептериндеги үч класс дагы онлайн режимге өткөнүн белгиледи.
«Жаңы жылдан кийин бардык мектептер онлайн окутууга өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт», – деп кошумчалады ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом