«Бардыгы көчүрүлбөйт»: Дамир Осмонов кайсы ооруканалар шаар сыртына чыгарыларын айттыҮч унаасын ээлеп алган: Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалдыБШК бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттарын мандатынан ажыраттыСууну үнөмдөө гана жетишсиз — эксперт Булат Есекин Борбордук Азиянын келечеги тууралуу«Тез балык жай балыкты жутат»: МинКабдын мурдагы башчысы Борбордук Азиядагы чакырыктар тууралууКРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылды
Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды
14.12.2021 | 10:36
Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылганын вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.
Анын айтымында, билим берүү мекемесинде бир инкубациялык мезгилде эки учур аныкталган.
«Алгоритмге ылайык, бир мезгилде эки учур катталса, анда карантинге жабылат. Аталган мектепте мугалим менен бир окуучу ооруп жатат, ошол себептен биз мектепти карантинге жабууга туура келди», – деди ал.
Виктория Мозгачева борбор калаанын мектептериндеги үч класс дагы онлайн режимге өткөнүн белгиледи.
«Жаңы жылдан кийин бардык мектептер онлайн окутууга өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт», – деп кошумчалады ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом