Милиция эскертет: Каржы пирамидадан абайлагыла!

Милиция эскертет: Каржы пирамидадан абайлагыла!

Милиция  жарандарды сак болууга жана алдамчыларга алданбоого чакырат. Ошол себепбен төмөнкү кеңештерди карманууга чакырат.
— Финансылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн эң эле жөңөкөй нерсе – этият болуу керек: кепилденген жогорку кирешени убада кылууларга ишенбегиле, каражаттарыңарды күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип бербегиле.

— Финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле. Эмоциялардын жана убадалардын сиздерге ээлик кылуусуна жол бербеңиздер, өзүңүздөрдү башкара билиңиздер! Акчаларыңарды берерден мурун сөзсүз бардык уюштуруу жана уруксат берилген документтерин текшергиле (лицензия, күбөлүк жана башка).

— Финансылык отчеттулугун жана жетекчилик тууралуу маалыматтарды сурагыла.

— Компаниянын кирешеси эмненин эсебинен түзүлөрүн, ошондой эле сиздин аманатыңыздын кайтарылуу мүмкүндүгүн билгиле (сиздин акчаларыңыз кайда кетет).

2020-2021 жылдардын аралыгында Кыргызстандын  аймагында уюшулган каржы пирамидасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү фактылары менен 2 311 сотко чейинки өндүруш иши тергелип, 3293дан ашуун аманатчылар жабыр тартышкан, 2 074 сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө жыйынтыкталып соттун кароосуна жиберилген. жогоруда аталган сотко чейинки өндүруш иштер боюнча келтирилген материалдык чыгымдын суммасы баары болуп 311 млн 864 миң 373 сомду түзгөн.

Алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн жана аманаттарыңызды жоготпош үчүн финансылык пирамиданын төмөнкү белгилерин эсиңизден чыгарбаңыздар:

Биринчи белги. Кепилденген жогорку кирешени убада кылуу башкача айтканда, — Кирешени жылдык 50 % 100 % жана керек болсо 200 пайыз менен оңой эле кепилдик беришет. Инвестициялоонун ишенимдүү куралы боюнча оптималдуу киреше депозиттер боюнча чендердин жана банктын кредиттеринин орточо пайыздарынын ортосунда болушу керек. Эгерде сизге сунуштаган киреше банк кредиттеринин чендеринен жогору болсо (Кыргызстандын рыногунда улуттук валютада 22-25%) мындай уюм финансылык пирамида болушу мүмкүн.

Экинчи белги. Продуктунун жоктугу башкача айтканда, — Эгерде сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул финансылык пирамида. Жашырынган финансылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок, аларды эч ким колдонбойт: бул туристтик кызматтар (элиталык эс алуу), компьютердик сабаттуулук, чет тилдери жана башкалар боюнча программалар. Бул продуктуларды сунуштаган компания улам келген адамдардын акчаларынан киреше алат.

Үчүнчү белги. Башка адамдарды тартуунун эсебинен киреше алуу башкача айтканда, — Эгерде сиздин негизги тапшырмаңыз башка адамдарды тартуу болсо жана сиздин кирешеңиз ошол адамдар алып келген акчалардан түзүлсө, бул уюмду финансылык пирамида деп айтууга болот.

Төртүнчү белги. Топ менеджмент жана финансылык отчеттулук жөнүндө маалыматтарга кирүүгө болбой тургандыгы башкача айтканда, тийиштүү болгон финансылык отчеттуулукту бербесе, эгерде аталган мекеме тууралуу маалыматтар жашыруун болсо, ага акчаңызды салаардан мурда терең ойлонууңуз керек. Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын жана жеткиликтүү болот. Эгерде Сизге карата алдамчылык аракеттер жасалган болсо, анда жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууңузду, же “102” номерине чалуу зарылчылыгын белгилейбиз.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>