Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте бир жума ичинде 37 мас айдоочу кармалды
23.01.2023 | 11:43
Бишкек шаарында бир жума ичинде 37 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-январдан 19-январга чейинки аралыкта 5380 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Анын ичинен 37 айдоочу мас абалда колго түшсө, 43 айдоочунун тиешелүү документи жок болгон.
Мындан тышкары, транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү боюнча 27, жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу боюнча 124, мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу – 1 146, башка эреже бузуулар боюнча 3 328 факт аныкталган. Жалпы 675 унаа айып короосуна киргизилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом