Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты
23.01.2023 | 11:52
Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан райондук Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратынын от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:10дө ӨКМден Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 01:21де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, авто шаты, саат 01:27де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
“Тилсиз жоо саат 02:27до чектөөгө алынып, саат 04:00дө толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен имараттын жыгач устундуу чатырдын 450 чарчы метр аянты, ток берүүчү генератор күйгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом