Көмүр жок. Бишкектеги кампаларда кезек күткөндөр көбөйдү – видео  

Көмүр жок. Бишкектеги кампаларда кезек күткөндөр көбөйдү – видео  

Бишкек шаарындагы кампаларда көмүр калбай калды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасынын кабарчысы жерине барып, күбө болуп келди.

Көмүр алуу үчүн келген жарандардын айтымында, кезекке тургандар көп, бирок кампаларда көмүр жетишсиз.

“Мурманский көчөсүндө жайгашкан кампада 1 тонна тандалган кесек көмүр 7500 сомдон сатылып жатат. Ал эми Кара-Кеченин эленбеген көмүрдүн бир тоннасы 6800 сомдон сатылып жатат. Анын баасы кымбат болгондуктан алгандар аз болууда. Ал эми баасын өкмөт коюп берген 4 миң сомдук көмүр калбай калыптыр, аны алып келери менен талап кетип жатышат”, — дешти тургундар.

Алардын айтымында, Бишкектеги төрт кампада тең ушундай эле көрүнүш.

Буга чейин «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарындагы кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 4 миң сомдон сатылып жатканын маалымдаган.

Ал эми Министрлер кабинети 2022-жылы ноябрь айында токтом кабыл алып, анын негизинде Кыргызстандагы көмүрдүн баасына 90 күндүк көзөмөл киргизген. Ага ылайык, көмүрдүн тоннасы Бишкек менен Чүйдө 4000, Нарында 2300, Ош облусунда болсо 6500 сомдон кымбат сатылбаш керек. Иш жүзүндө көмүр өкмөт койгон баадан кымбат сатылууда.

Буга чейин энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов «Кыргыз көмүр» ишканасынын филиалдарынан көмүрдү биринчи иретте калкка эмес, ЖЭБге жеткирүү боюнча буйрукка кол коюлганын белгилеген. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине 100 миң тонна көмүр пландалган мөөнөтүнөн кечигип жеткирилүүдө. Анткени көмүрдүн жагылганга салыштырмалуу ташып келингени аз болуп жатат.

Ошондой эле, жарандар Казактандын Шабыркүл жана Кара-Жыра көмүрлөрү дагы калбай калганын белгилешүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>