Бишкекте блогер “МАИ” кызматкерин айыпка жыкты (ВИДЕО)

Бишкекте блогер “МАИ” кызматкерин айыпка жыкты (ВИДЕО)

Бишкекте блогер Эртай Искаков жол инспекторлорун жол эрежесин бузганын видеого тартып, далилдөө менен айыпка жыкты. Бул видеосун өзүнүн ютубдагы каналына жүктөдү.

Блогердин өзүнүн видеосунда айтканына караганда, Бишкек шаарынын кафелеринин биринен чыгып келе жаткан. Аңгычакты Жол кайгуул кызматкерлери токтотуп калат. Эч кандай жол эржесин бузбаганына карабай, токтотконуна таң калып, себебин сураганда “Бахус” рейди жүрүп жатканын көрсөтүп, мас айдоочуларды тосуп жүргөнүн айтышат.

Жол инспекторлору айдоочулук күбөлүгүн сураганда, жол эрежесин бузбагандыгын жүйө келтирип, документтерин көрсөтүүдөн баш тартат.  Сыртынан мас эмес экенине ынанып, блогерди коё беришет.

Бирок, блогер жол инспекторлордун унаасынын артынан бара жатып, жол эрежесин бузгандыгын видеого тартып алып, патрулдук топтун айдоочусунун эреже бузгандыгын аныктап, айыпка жыкты. Жанындагы инспектор кесиптешинин жол эрежесин бузгандыгын моюндап, ага протокол түздү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>