Прокуратура Kaktus.media’нын бардык журналисттерин суракка чакырууда

Прокуратура Kaktus.media’нын бардык журналисттерин суракка чакырууда

3-февралда 6 журналист суракка чакырылды, калгандары башка күнү чакырылат. Суракка алынган журналисттер тергөө тууралуу маалымат бербөө жөнүндө тилкат жазышкан. Бул тууралуу басылмадан билдиришти.

Мурда прокуратурага Kaktus.media сайтынын редакторлору чакырылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу 27-январда жарыяланган маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгоп, мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн тергөө жүргүзүүдө.

“Макалада Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Тажикстан Республикасы тарапка биринчилерден болуп ок атып, чагым кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон”, — деп айтылат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Мурда Kaktus.media талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалымат тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал кабар Тажикстандын Asia Plus басылмасынан көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендиги белгилүү болгон.

«Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүү керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (Перепечатка) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», — деп жазылган басылманын түшүндүрмөсүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>