КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бишкекте Борбор Азиянын X эл аралык бий олимпиадасы өтөт
02.06.2025 | 10:18
Бишкекте 13-14-15-июнь күндөрү Борбор Азиянын 10-Юбилейлик эл аралык бий олимпиадасы өтөт.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, олимпиаданын алкагында төмөнкү багыттарда бий жарыштары өтөт:
Бийдин бардык түрлөрү боюнча чемпионат;
Бийдин бардык түрлөрү жана спорт багыты боюнча «Вершина» фестивалы (судьясы жок форматта);
Спорт мажореткалары жана батон твирлинг боюнча жарыш;
Чир спорт боюнча «KYRGYZSTAN OPEN» Эл аралык ачык турнири;
Кыргызстандын чир спорт боюнча чемпионаты.
Олимпиадага катышуу максатында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия, Пакистан, Индия, Япония, Корея, Швейцария, Чехия жана Тажикстан өлкөлөрүнөн бийчилер келери белгиленет.
Рубрики: Жаңылыктар