Кыргызстандын президентин шайлоого 1,2 млрд сом сарптоо пландалууда — БШКМектептин 8- жана 1-класстары үчүн «Математика» предмети боюнча окуу китептери басылып чыктыКР МСК «Айсалык» жасалма интеллект-кеңешчиси бар жаңы сайтын ишке киргиздиЧүйдө 40,5 млн сомдук алтынды аткезчилик жол менен алып чыгууга аракет кылган шектүүлөр кармалды«Газпром Кыргызстан» 30-сентябрда карызы бар абоненттердин газын өчүрөтНЭСК Борбор Азиянын энергосистемасындагы технологиялык мүчүлүштүк тууралуу билдирди
Бишкекте Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын 35 жылдыгы белгиленди
26.04.2021 | 12:42
Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын 35 жылдыгы белгиледи. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Жолугушуу-реквиемге кырсыктын кесепетин жоюучулар, шаардыктар, Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева, Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко жана башкалар катышты. Алар курман болгондорду эскеришип, Чернобыль курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюшту.
Чернобыль апаатынын катышуучуларына жана майыптарга 5 миң сомдон, ал эми жесирлердин ар бирине 8 миң сомдон берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом