Композитор, обончу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салдыКРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылды
Кыргызстанда бир жылдын ичинде эттин баасы 90 сомго жогорулады
26.04.2021 | 12:58
Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата Кыргызстанда уй эти орто эсеп менен 450,31 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 89,11 сомго кымбаттады. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитет билдирди.
Ошентип, уйдун эти бир жылдын ичинде дээрлик 25% га жогорулады, ал эми кой эти 29% га көтөрүлүп, килограммы 449,67 сомду түздү.
Уй этинин эң жогорку баасы Нарын жана Жалал-Абад шаарларында, эң төмөнү Исфанада катталды.
Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырсак уй эти эң чоң өсүш (1,3 эсе) менен Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарларында жана Чаек айылында катталып, ал эми кой эти Исфана, Баткен жана Жалал-Абадда (1,4 эсе) жогору болчу.
Учурда Жалал-Абад шаарында уй эти гана эмес, козунун баасы да кымбат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика