Ысык-Көлдө аскердик машыгуу болуп өттү — сүрөт

Ысык-Көлдө аскердик машыгуу болуп өттү — сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда пландалган тактикалык машыгууларга көз салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Машыгуулардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет жакадагы жана калктуу конуштагы мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү бөгөт коюп, жок кылуу боюнча көрсөтмөлүү практикалык аракеттери көрсөтүлдү. 

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө 200гө жакын өздүк курам, 30га чейин автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана минометтук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда практикалык көндүмдөрдүн жана аскердик чеберчиликтин, аракеттердин ырааттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>