Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан эки өспүрүм кыз аман-эсен табылды
19.09.2023 | 14:38
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан эки өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-сентябрда милицияга эки аял киши кайрылып, 13 жана 15 жаштагы кыздары ошол эле күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
18-сентябрда милиция кызматкерлери жоголгон кыздарды аман-эсен табышкан.
Өспүрүм кыздардын коопсуздугу үчүн ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Милиция балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда жакынкы милиция бөлүмүнө же “102” кызматына кабар берүүсүн суранат.
Милиция ата-энелерге кайрылып, балдарды көзөмөлгө алып, кароосуз калтырбоо керектигин эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом