Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте 15-сентябрда 34 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ымыркайлар кесарево жолу менен төрөлгөн. Үчөө тең уул бала. Бул 34 жаштагы келиндин бешинчи төрөтү. Ымыркайлар 3 кг 300 грамм, 3 кг 660 грамм жана 3 кг 445 грамм салмакта төрөлгөн.

Ымыркайлар жарык дүйнөгө келген Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипованын айтымында, учурда балдардын абалы канааттандырарлык.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>