Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Балбан Тайырбек Жумашбек уулу дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү
19.09.2023 | 15:18
Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жаңыланган рейтинг Белград шаарында (Сепрбия) өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн. Аталган дүйнө биринчилигине Тайырбек Жумашбек уулу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Коло байге алгандан кийин Жумашбек уулунун эсебинде 68 миң упай бар болуп, ал 61 кг салмактагы балбандардын рейтингинде 2-орунга чыккан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз