Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Бишкекте эки өспүрүм аял кишини карактоого шектелип кармалды
08.02.2024 | 18:00
Бишкекте каракчылыка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-январга караган түнү болжол менен саат 03:00до Шевченко көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан шаар тургунун (аял киши) белгисиз адамдар бычак менен коркутуп, 100 долларын тартып алып, “МБанк” тиркемесинен 1,8 миң сом акчасын которуп алышкан. Бул окуя боюнча жабырлануучу 25-январда милицияга кайрылган.
Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 17 жаштагы Т.А. жана К.А. аттуу өспүрүмдөр кармалган. Алар милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.