Бишкекте эки жаран бычактан жараат алды. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте эки жаран бычактан жараат алды. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте кафелердин биринде эки адамга бычак саюуга шектелип эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда милицияга С.Т. жана Р.Т. аттуу жарандар кайрылып, 20-декабрга караган түнү болжол менен 02:00до С. Каралаев көчөсүндөгү кафеде кайым айтыш учурунда белгисиз адамдар бычак менен жарадар кылганын билдиришкен. Жабырлануучулар медициналык жардам үчүн ооруканага кайрылышкан.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы С.А. жана М.Н. аттуу жарандар кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция Бишкектеги кафелердин биринде мушташ учурунда эки жаран бычактан жараат алганы тууралуу кабарлаган.

Бишкекте мушташ учурунда эки адам бычактан жараат алды. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>