Бишкекте элди бөлүп-жарган пост үчүн аял бир жылга соттолду

Бишкекте элди бөлүп-жарган пост үчүн аял бир жылга соттолду

Бишкекте социалдык тармактарда элди улутка бөлүп-жарган билдирүү жазган жаран (аял киши) 1 жылга соттолду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун 13-сентябардагы чечими менен В.Е. аттуу жаран кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылган. Ал жазаа мөөнөтүн катуу режимдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, аталган жаран апрель айында өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Кыргызстандын жарандарынын улутун кемсинткен, бир улуттун башкалардан артыкчылыгын үгүттөгөн билдирүү жазган. Анын посту социалдык тармактардын колдоонуучуларынын сынына кабылган.

Сотто айыптоочу тарап, ал жарандын жазгандары улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, билдирүүнү мас болгону үчүн жазганын айткан. Ал жазган сөздөрү үчүн өкүнүп жатканын, абакка камоодон башка жаза берүүнү суранган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>