Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдүСадыр Жапаров жеке авто-мектептердин ишине коюлган тыюуну жыл аягына чейин узартты«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөт
Бишкекте эркек киши 61 жаштагы пенсионерди зордуктады
08.01.2021 | 12:47
Милиция кызматкерлери зордуктоого шектеп бир адамды кармашты. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 8-январына караган түнү 102-кызматына зордуктоо тууралуу билдирүү келип түшкөн. Чакырылган жерге келгенде, Патрулдук милициянын кызматкерлери 61 жаштагы аялды табышкан, ал 7-январь күнү саат 23:30 чамасында Ж. аттуу кошунасы үйүнө кирип, физикалык күч колдонуп, зордуктагандыгын айткан. Адам белгисиз тарапка качып кеткен. Кийин Патрулдук милициянын экипажы ыкчам аракеттин натыйжасында 43 жаштагы С.Ж. аттуу шектүүнү кармашкан. Бул иш Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар