Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкекте эртең Элдик Курултай өтөт
24.11.2022 | 20:54
Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эртең, 25-ноябрда, Бишкекте Элдик Курултай ишин баштайт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.
Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан миңден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат. Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.
Биринчи Элдик Курултай УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт. Көрсөтүү 25 жана 26-ноябрда саат 10:00дө башталат.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат