Садыр Жапаров КМШнын ардагерлери менен футбол ойнойт

Садыр Жапаров КМШнын ардагерлери менен футбол ойнойт

Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, беттеш Эгемендүүлүк күнүнө карата 30-августта саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар бар. Башкы машыктыруучусу Олег Романцев болмокчу.

Кыргызстандын командасынын курамында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Азамат Жаманкулов, Прядкин Кирил, Жалилов Закир, Тайчиев Комол, Сало Владимир, Закиров Нематжан, Кошалиев Меклис, Березовский Валерий, Касымов Марлен, Лисичкин Сергей, Пряничников Владислав жана башкалар бар. Команданын башкы машыктыруучусу — Борис Подкорытов.

Беттешке чейин концерттик программа болот. Кирүү акысыз.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: КМШ футбол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>