Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкекте издөөдө жүргөн УКТнын мүчөсү кармалды
28.09.2024 | 16:37
Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ыкчам-издөө иш-чарасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Натыйжада Бишкек шаарынын аймагында Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жаран өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыруу беренеси менен 2024-жылдын июль айынан бери издөөдө болгон.
Учурда кармалган жаран камакка алынып, кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар