Бишкекте катуу таштандыларды сорттоочу пункт иштей баштады

09.01.2023 | 18:50

Пилоттук долбоордун алкагында Биринчи Май районунун аймагында катуу таштандыларды сорттоочу пункт иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-аянтча курулган.

“Жалпы аянты 147,1 чарчы метр болгон жерге 12 евроконтейнер, эки видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, борбордук байланыш системалары суу, канализация жана электр энергиясы коюлду. Таштандыларды сорттоо үчүн аянты 15-16 чарчы метр болгон бөлмө жабдылган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, таштанды контейнерлери жаан-чачындан жана кардан сактануу үчүн атайын бөлүнгөн жерге чатырдын астына коюлган. Контейнерлердин орнотулушунда жакын жайгашкан үйлөрдөгү калктын саны да эске алынган.

Долбоордун максаты:

  • жарандарда таштанды чогултуу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү маданиятын жайылтуу;
  • экологиялык абалды жакшыртуу жана ден-соолукту сактоо;
  • жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка шаарларда да уланып, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылып жатканы айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top